«Айданек» борборунун тарбиялануучулары «Таш Рабат» соода жана оюн-зоок борборунда жайгашкан «Ara Land» оюн аянтчасында уюштурулган кайрымдуулук социалдык иш-чарага катышышты.
Борбордун тарбиялануучулары үчүн кызыктуу жана мазмундуу программа даярдалды. Балдар оюн аянтчасында ойноп, ар кандай сынактарга жана интерактивдүү иш-чараларга активдүү катышышты. Ошондой эле Жако жана Ара аттуу тоту куштар менен таанышышты. Куштарды кызматкерлердин көзөмөлү алдында жем берүү мүмкүнчүлүгү балдарга өзгөчө жагымдуу таасир калтырды.
Бардык иш-чаралар жооптуу кызматкерлердин коштоосунда өткөрүлүп, коопсуздук эрежелери алдын ала түшүндүрүлдү.
Бул демилге турмуштук оор кырдаалда турган балдардын бош убактысын пайдалуу жана мазмундуу өткөрүүсүнө шарт түзүп, аларга жакшы маанай жана жагымдуу эскерүүлөрдү тартуулоого багытталган.
Алдыда «Ara Land» менен кызматташууну улантуу пландалууда. Ушундай эле иш-чараларды шаардагы башка социалдык борборлордун тарбиялануучулары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн да уюштуруу каралууда.







