2026-жылдын 10–14-февраль күндөрү Манас шаарындагы «Газпром» дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплексинде жаш өспүрүмдөр арасында Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча биринчилиги өттү.

Мелдешти «Ынтымак» ОРАБӨМү жана Кыргыз Республикасынын Оор атлетика федерациясы уюштурду.

Биринчилик өлкөдө оор атлетиканы өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле 2026-жылга карата өспүрүмдөр жана кыздар арасындагы Кыргыз Республикасынын курама командасын түзүү максатында өткөрүлдү.

Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан спортчулар катышты. Бишкек шаарынын оор атлетика боюнча ӨРАБӨМүнүн атынан 22 спортчу чыгып, жакшы жыйынтык көрсөтүшүп, 3 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль утуп алышты.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
1-орун: Арслан Молдодосов, Калдыбаева Адеми, Байгачева Анисия;

2-орун: Нуржанов Байел, Калдыбаев Айдин;

3-орун: Эркинбаев Баяман, Султаналиев Элмырза, Бекзатов Мухаммед Али.