Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттик администрациянын башчысы Адылбек Касымалиевге жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзодага катуу калдыктарды кайра иштетүүдөн электр энергиясын өндүргөн экотехнологиялык заводду көрсөттү.
Экскурсия учурунда өкмөт башчылары заводдун иши, калдыктарды кайра иштетүү процесси жана өндүрүштө колдонулган экологиялык чечимдер менен таанышышты. Делегацияга заводдун кубаттуулугу, муниципалдык калдыктарды кайра иштетүү системасы жана калдыктарды кайра иштетүүдөн өндүрүлгөн электр энергиясы жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Калаа башчысы белгилегендей, заманбап калдыктарды кайра иштетүү технологияларын киргизүү айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин бир топ азайтып, шаардын санитардык абалын жакшыртып, жашыл экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Тараптар экологиялык жактан туруктуу технологиялар, калдыктарды рационалдуу башкаруу жана энергияны үнөмдөө жаатында тажрыйба алмашуунун жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Бишкекте ишке ашырылган долбоорду жогору баалап, калдыктарды кайра иштетүү заманбап чечимдеринин жакшы жана келечектүү үлгүсү деп, бул тажрыйбаны изилдөөгө кызыкдар экенин билдирди.













