2026-жылдын 6–7-февралында Бишкек шаарында, Б.Т. Турусбеков атындагы КМДТжСА спорттук комплексинде С.Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн жеңил атлетика боюнча ачык кышкы биринчи турнири болуп өттү. Мелдешке 2009–2010, 2011–2012, 2013-жылы туулган жана андан кичүү спортчулар катышты.
Мелдештин программасына төмөнкү түрлөр киргизилди: 60 м, 150 м, 200 м, 300 м, 400 м, 600 м, 800 м, 1000 м, 1500 м аралыкка чуркоо, 60 м тоскоолдуктар менен чуркоо, узундукка секирүү.
Жалпы мелдешке 320 спортчу катышып, алардын ичинен 182 катышуучу С.Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн жеңил атлетика бөлүмүнүн тарбиялануучулары болду.
Ачык кышкы турнирге Чүй облусунан (Кант, Токмок, Кара-Балта шаарлары, Петровка айылы), Талас жана Ош облустарынан, ошондой эле Каракол, Бишкек шаарларынан жана Ноокат районунан спортчулар келишти.
Биринчиликтин уюштуруучусу — С.Джуманазаров атындагы ОРАБӨМ.
ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары арасындагы жыйынтыктар:
Кыздар (2013-ж.т. жана андан кичүүлөр, 60 м чуркоо):
•Цуканова Таисия — 1-орун;
•Деркенбаева Элина — 2-орун;
•Дунаева Жанна — 3-орун.
Кыздар (2011–2012-ж.т.):
•Халилова Амина — 1-орун;
•Джолгубекова Акак — 2-орун;
•Еремич Яна — 3-орун.
Улуу кыздар (2009–2010-ж.т.):
•Замирова Бермет — 1-орун.
Балдар (2013-ж.т. жана андан кичүүлөр):
•Жээнбеков Амир — 1-орун;
•Кушалиев Эмирлан — 3-орун.
Өспүрүмдөр (2011–2012-ж.т.):
•Гайбулаев Арслан — 1-орун;
•Жайлоев Сабырбек — 2-орун;
•Торобеков Алихан — 3-орун.
Улуу өспүрүмдөр (2009–2010-ж.т.):
•Копенкин Николай — 1-орун;
•Адилбеков Арапбай — 3-орун.






