2026-жылдын 12-февралында Бишкекте Super 4 Wrestling (S4W) эл аралык турнирине арналган пресс-конференция болуп өттү. Иш-чарага катышуучулар жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылып, турнирдин концепциясы жана Кыргызстандагы күрөш спортунун өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу кенен маалымат берилди.
Иш-чара учурунда спортчулар салмак категориялары боюнча расмий таразадан өтүп, атаандаштар менен салттуу «көз караш дуэлдерин» өткөрүштү. Журналисттер спортчуларга даярдык, тактика жана турнирге карата маанайлары тууралуу суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Пресс-конференциянын коноктору болуп USP компаниясынын башкы директору жана Super 4 Wrestling долбоорунун автору Казимир Байрамуков, Кыргыз Республикасынын эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Улан Султанов, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Каныбек Жолчубеков катышышты.
Улан Султанов эл аралык деңгээлдеги турнирдин Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгилеп, күрөш өлкөдө салттуу түрдө негизги спорт түрлөрүнүн бири экенин, калктын арасында чоң популярдуулукка ээ экенин жана көптөгөн күйөрмандары бар экенин белгиледи.
Каныбек Жолчубеков Бишкек шаары ар дайым спортту колдоп, масштабдуу спорттук долбоорлордун жүзөгө ашырылышына көмөк көрсөтөөрүн айта кетти.
Казимир Байрамуков Кыргызстан биринчи турнир өткөрүүчү аянтча болгонун, бул өлкөдө жогорку деңгээлдеги уюштуруу, заманбап инфраструктура жана мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде күрөшкө активдүү колдоо бар экенин билдирди. Анын айтымында, турнирдин байге фонду 300 миң АКШ долларынан ашат. «Super 4» форматы бир салмак категориясында төрт эл аралык деңгээлдеги спортчунун чемпиондук кур үчүн күрөшөөрү тууралуу маалымат берди.
Турнир «Жаштык” спорттук аренасында өткөрүлүп, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Азербайжан, Грузия, Монголия, Жапония, АКШ жана Болгариядан келген мыкты спортчуларды бириктирет. Долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын эркин күрөш федерациясынын жана эл аралык USP платформасынын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Эркин күрөш боюнча катышуучулар:
57 кг:
•Гога Дзигуа (Грузия);
•Алиаббас Рзазаде (Азербайжан);
•Начин Монгуш (РФ);
•Бекзат Алмаз уулу (Кыргызстан);
65 кг:
•Тумурочир Тулга (Монголия);
•Абасгаджи Магомедов (РФ);
•Руслан Асиф Абдуллаев (Азербайжан);
•Билол Шарип уулу (Кыргызстан);
74 кг:
•Орозобек Токтомамбетов (Кыргызстан);
•Давид Баев (РФ);
•Иналбек Шериев (РФ);
•Ёсиносукэ Аояги (Жапония);
86 кг:
•Азамат Даулетбеков (Казакстан);
•Артур Найфонов (РФ);
•Джаксон Даймин (АКШ);
•Малик Шаваев (Кыргызстан);
97 кг:
•Ризабек Айтмухан (Казакстан);
•Мераб Сулейманишвилли (Грузия);
•Алихан Кцоев (РФ);
•Ахмед Батаев (Болгария).
Греко-рим күрөшүнүн башкы беттешүүчүлөрү болуп
•Акжол Махмудов (Кыргызстан);
•Айк Мнацаканян (Болгария).





