2026-жылдын 12-февралында «Тунгуч» театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйыны болуп өттү.
Жыйын учурунда борбор калаадагы инвестициялык долбоорлор тууралуу баяндалды.
2025-жылы Бишкекте 95 млн АКШ доллары көлөмүндө инвестиция менен катуу коммуналдык калдыктарды кайра иштетүү боюнча эко-технологиялык завод ишке берилди. Завод жылына 365 миң тонна калдыктарды кайра иштетип, биринчи этапта күнүнө 1 000 тоннага жетет жана 30 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясын өндүрөт, бул шаардын экологиялык жана энергетикалык коопсуздугуна чоң салым кошот.
«Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоорунун алкагында, Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен 120 электр автобус алынган, автобус деполорун модернизациялоо жана 85 электрокубаттагыч станцияларды орнотуу иштери жүргүзүлдү, долбоордун жалпы суммасы 59,55 млн АКШ долларын түздү. Ошол эле учурда «Бишкек автобустары», «Жашыл шаарлар 2, Терезе 2» долбоорлору жана Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Биринчи этапта газ менен иштеген 124 автобус, ал эми 2025-жылы экинчи этапта дагы 95 автобус алынды, долбоордун суммасы 33 млн евро болду.
«Ак-Кула» ипподромунун аймагында комплекстүү имараттарды куруу боюнча Вьетнамдын «РЦА Ливинг» компаниясы менен 300 млн АКШ доллардан ашык суммага келишим түзүлүп, жол куруу жана аймакты жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, Вьетнам компаниясы менен жеке менчик жана мамлекеттик өнөктөштүк форматында Бишкек шаарынын канализациялык тазалоо жайларын модернизациялоо долбоору 56 млн АКШ доллары көлөмүндө ишке ашырылууда.
Мындан тышкары, «Инвест КейДжи Холдинг» компаниясы менен турак-жай жана коммерциялык объектилерди куруу, реконструкциялоо жана долбоорлоо иштери жүргүзүлүп, анын алкагында МП «Тазалык» объектилери, апарт-отель жана коомдук-бизнес борбор курулушу 2,6 млрд сомго бааланууда.
Экологиялык демилгелердин алкагында заманбап питомник жана откана курулат, жалпы аянты 48 гектарды түзөт. Долбоордун каржылоо көлөмү 1 млн АКШ долларын түзөт. Долбоор Бишкек шаарын жыл сайын сапаттуу көчөттөр менен камсыздоону карайт - 1 000 дарак жана бутактын көчөтү, ошондой эле 800 000 бир жылдык гүлдүн көчөтү. Бул демилге жашыл инфраструктураны өнүктүрүүгө, экологиялык туруктуулукту жакшыртууга жана борбор калааны көрктөндүрүүгө салым кошот.
Андан тышкары, бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. «Hyper Partners» компаниясы 300 млн АКШ доллардан ашык инвестиция менен көп функциялуу комплекс куруп жатат.
Ошондой эле, «Оптима» турак-жай комплекси курулуп, анда парк зонасы, сейил багы жана социалдык- маданий объектилерди түзүү каралган, долбоордун каржылоо көлөмү 1,2 млрд сомду түзөт.
Бишкек шаарынын мэриясы инвестицияларды тартууну улантып, шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө, калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана борбор калаанын экологиялык туруктуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууда.

