2026-жылдын 12-февралында «Тунгуч» театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйыны болуп өттү.

Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков борбор калаанын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Акыркы беш жылдагы жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин динамикасы 22,1 млрд сомго өсүп, 3,6 эсеге көбөйгөнү байкалат. Бул өсүү тенденциясы киреше базасынын маанилүү деңгээлде бекемделгенин жана шаардык бюджеттин каржылык мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүп жатканын көрсөтүп турат.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин кирешелери чыныгы аткарылышы 30,6 млрд сомду түзүп, бекитилген пландан 3,8% ашып, 1,1 млрд сомго көп болду.

Салыктык кирешелер боюнча 20 363,1 млн сом түшүп, план 105,4%га аткарылды, бул пландык көрсөткүчтөн 1 036,6 млн сомго көп. 2024-жылга салыштырмалуу салыктык кирешелердин чыныгы түшүшү 122,5%ды түздү (чындыгында – 16 626,0 млн сом, өткөн жылга салыштырмалуу өсүш – 3 737,1 млн сом).

Салыктык эмес кирешелер 2,9 млрд сомду, максаттуу трансферттер 7,3 млрд сомду түздү.