12-февралда «Тунгуч» театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйыны болуп өттү.
Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары тууралуу баяндама жасады.
2025-жылы Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү мамлекеттик жана муниципалдык программаларды ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаны эске алуу менен жүзөгө ашырылды. Мэриянын ишмердүүлүгү, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, инвестицияларды тартууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталды.
Негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө токтолсок, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча акыркы 5 жылда өсүш динамикасы 3 эсеге жогорулаган. 2024-жылдын жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын дүң регионалдык продуктусу 744,0 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 115,8% болгон.
Өнөр жай тармагынын көлөмү акыркы 5 жылда 3,6 эсеге өстү. 2025-жылы Бишкек шаарындагы ишканалар тарабынан 130,4 млрд сом суммасында өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөм индекси 123,1% түздү. Шаардын өнөр жай потенциалын өнүктүрүүнүн маанилүү куралы катары «100 өнөр жай ишканасы – 2025» долбоору ишке ашырылып, анын алкагында 6 өнөр жай ишканасы расмий ачылды.
Рыноктук кызмат көрсөтүүлөр тармагы да туруктуу өсүштү көрсөттү. Акыркы 5 жылда өсүү темпи 5,4 эсеге жогорулады. 2025-жылдын жыйынтыгы менен Бишкек шаарында рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 1 трлн 879 млрд 238,3 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 114,5% болду.
Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 2025-жылы 2024-жылга салыштырмалуу 107,8% түздү. Рыноктук активдүүлүктүн өсүшү шартында баалардын туруктуулугун камсыздоого жана калктын кызыкчылыгын коргоого өзгөчө көңүл бурулду. Эт азыктарына болгон бааларды көзөмөлдөө максатында монополияга каршы кызмат жана тиешелүү органдар менен биргеликте 461 рейддик иш-чара өткөрүлдү.
2025-жылы курулуш тармагында олуттуу өсүш катталып, бул шаардын инвестициялык активдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Акыркы 5 жылда курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 2,3 эсеге жогорулады. 2025-жылдын жыйынтыгы менен ал 143,5 млрд сомду түзүп, 19,7%га өстү.
Бишкек шаарында орточо айлык эмгек акы акыркы 5 жылда 2,4 эсеге көбөйдү. 2025-жылдын январь–ноябрь айларында орточо айлык эмгек акы 54 672,9 сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,4%га жогорулады.
Ошондой эле Бишкек шаарында акыркы 5 жыл ичинде жашоо минимуму 169,4%га өстү. 2025-жылы бир адамга эсептегенде жашоо минимуму 8 984,12 сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 10,0%га жогору болду.
2026-жылдын 1-январына карата расмий катталган жумушсуздардын саны 962 адамды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу кыскарды. Акыркы 5 жыл ичинде жумушсуздардын саны 2 847 адамга азайды.

