Бүгүн, 12-февралда, №1 ДЕПОнун аймагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын мэриясына жаңы автобустар жана атайын техникалардын ачкычтарын тапшырды.
«Жашыл шаар» долбоорунун алкагында, Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен, "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасына 95 заманбап 12 метрлик Yutong автобустары (үч эшиктүү) алынган.
Мындан тышкары, «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасына 42 бирдик атайын техника тапшырылды, анын ичинде:
Isuzu үлгүсүндөгү 18 авариялык бригадалык унаалар (NMR, NPR), көтөрүмдүүлүгү 10 тонна болгон FAW үлгүсүндөгү 6 самосвал, көтөрүмдүүлүгү 5 тонна болгон CLW үлгүсүндөгү 4 гидрокран, JAC T6 үлгүсүндөгү 12 жеңил унаа, жер иштери үчүн 2 траншеялык виброкаток.
Салтанаттуу иш-чарада Адылбек Касымалиев муниципалдык инфраструктураны жаңылоо жана шаардык кызматтардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо коомдук транспортту жана коммуналдык кызматтарды модернизациялоодо маанилүү кадам экенин белгиледи.
Ал шаарды өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү приоритет бойдон каларын айтты.
Өз кезегинде шаар мэри Айбек Джунушалиев муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин жаңы техникага аяр мамиле менен колдонууга жана аны натыйжалуу пайдаланууга чакырды.
«Биз автопаркты жаңылоону жана шаардык кызматтарды жабдууну улантабыз. Ар бир техника бирдиги шаар тургундарына кызмат кылып, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатууга жардам бериши керек», — деди калаа мэри.




















