2026-жылдын 17-февралында саат 09:00дөн 15:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы:
“Жеңиш” турак жай конушу
Суунун өчүрүлүшү “Жеңиш” турак жай конушундагы «Жеңиш» суу топтомосунда авариялык-оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
