2026-жылдын 13-февралынан тартып Бишкек шаарынын 13 паркында жайгашкан 36 соода ордун ижарага алуу боюнча арыздар кабыл алына баштайт. Аталган орундарда балмуздак, суусундуктар, кофе, попкорн, вата таттуусу, балдар оюнчуктары, китеп сатуу, велосипеддерди, балдар машиналарын жана каркастуу батуттарды ижарага берүү каралган.

Муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын чечимине ылайык, ЖМКларга жарыя берилгенге чейин түшкөн арыздар каралбайт.

Комиссиянын чечимине ылайык, бир жаран бир гана соода ордуна бир арыз тапшырууга укуктуу. Ижара келишими ижара акысын бир жылдык мөөнөткө толук төлөгөн учурда түз берилет. Ижара акысынын өлчөмү Комиссия тарабынан белгиленет.

Ижарага берүү боюнча арыздар 2026-жылдын 13-февралынан тартып саат 09:00дөн 16:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Шевченко көчөсү, 25 (бирдиктүү терезе). Өзүңүз менен кошо паспорттун көчүрмөсүн алып келүү зарыл.

Кошумча маалымат алуу үчүн: 0312 97 91 95 (кош. 4222) телефонуна кайрылсаңыздар болот.