2026-жылдын 6–9-февралында Бишкек шаарында 17 жашка чейинки өспүрүмдөр (U-17) арасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги өттү. Мелдешке өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700дөн ашуун спортчу катышты.
Республикалык биринчиликте «Ак Илбирс» ОРАБӨМдүн спорт мектебинин тарбиялануучулары жогорку деңгээлде чыгып, ар кайсы салмак категорияларында байгелүү орундарды багындырышты.
Эркин күрөш боюнча жыйынтыктар:
•I орун — Ишенгазиев Нурсултан (80 кг);
•II орун — Ондурушов Камил (92 кг);
•III орун — Турдубеков Куттубек (71 кг);
•III орун — Тагаев Жоробек (65 кг).
Грек-рим күрөшү боюнча жыйынтыктар:
•I орун — Гасанов Хасан (92 кг);
•I орун — Шарапов Арсен (51 кг);
•I орун — Анаркулов Нариман (110 кг);
•III орун — Озгонов Нурэл (55 кг);
•III орун — Торобеков Азамат (65 кг);
•III орун — Жунусов Арсен (71 кг);
•III орун — Боронбаев Даниел (71 кг);
•III орун — Керимов Маджид (110 кг).


