2026-жылдын 10-февралында Бишкек шаарында «Климаттын өзгөрүшү шартында туризмди туруктуу өнүктүрүүдө гендердик аспекттерди эске алуу» аттуу тренинг болуп өттү.

Иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштөө боюнча департаментинин кызматкерлери катышты.

Тренингдин негизги максаты — мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин туризм тармагын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу, ошондой эле туруктуу туризмди өнүктүрүүдө гендердик аспекттерди интеграциялоо боюнча билим-даярдыгын жогорулатуу болду.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын улуттук климаттык саясатынын негизги маселелерин, климаттын өзгөрүшү менен гендердик теңчиликтин өз ара байланышын, ошондой эле калктын ар кандай топторунун климаттык өзгөрүүлөргө болгон аярлуулугун талкуулашты. Эксперттер Айжаркын Кожобекова жана Бермет Убайдиллаева интерактивдүү сессияларды, практикалык тапшырмаларды жана катышуучулар үчүн тестирлөөлөрдү өткөрүштү.

Департаменттин бул тренингге катышуусу кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле Бишкек шаарында туризм тармагын өнүктүрүүдө заманбап, инклюзивдүү жана туруктуу ыкмаларды ишке ашырууга өбөлгө түзөт.