Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Каныбек Жолчубеков Бишкек шаарынын курама командасынын курамында эл аралык турнирге катышуу үчүн жөнөп жаткан «Олимп» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Спортчулар 2026-жылдын 11-февралынан 16-февралына чейин Фуджейра шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өтө турган жаштар арасындагы каратэ-до WKF боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдешке катышат.
Мелдешке дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүнөн спортчулардын катышуусу күтүлүүдө, бул турнирди эң ири эл аралык старттардын бирине айлантат.
Спортчулардын эл аралык мелдештерге катышуусу Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин каржылык колдоосу менен ишке ашууда.


