Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев АТР алкагында шаарга кошулган Ак-Жар конушунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, шаардыктар өздөрүн түйшөлткөн маселелерди жана сунуштарын түздөн-түз айтууга мүмкүнчүлүк алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар жер амнистиясы, жолдорду оңдоо, балдарды билим берүү мекемелерине ташып баруу үчүн транспорт уюштуруу маселелерин, ошондой эле социалдык инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгын, анын ичинде ФАП жана башка социалдык маанидеги объекттерди куруу мүмкүнчүлүгүн көтөрүштү.

Талкуунун жыйынтыгында калаа мэри Свердлов районунун администрациясына жана Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктүзүмдү өнүктүрүү департаментине Ак-Жар конушунун негизги көчөсүн оңдоону жана асфальттоо иштерин баштоо маселесин биргелешип иштеп чыгууну тапшырды. Бул коомдук транспорттун толук кандуу каттамын камсыз кылууга багытталган.

Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев шаардык кызматтарга ФАП жайгаштырууга ылайыктуу жер тилкесин аныктоо жана даярдоо маселесин, ошондой эле зарыл уюштуруучулук жана техникалык иштерди карап чыгууну тапшырды.

Ошондой эле мектептерде окуган балдарды коопсуз жана өз убагында ташып келүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Айбек Джунушалиев борбор калаанын мэриясы айтылган маселелерди чечүүдө бардык тараптан колдоо көрсөтөрүн белгилеп, берилген тапшырмалардын аткарылышын жеке көзөмөлүндө кармай турганын баса белгиледи.