Профессор Назира Кудайбергенованын жетекчилиги астында Эл аралык жогорку медицина мектеби тарабынан уюштурулган медициналык кароо "Үмүт үйү" карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык жатак мекемесинде өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө адистер жүрөк жана ички оорулар менен ооруган бейтаптарды текшеришти. Жалпысынан 63 жашоочу, ошондой эле беш кызматкер текшерилди.
Текшерүү жогорку кесиптик деңгээлде, оорулардын алдын алууга жана эрте аныктоого басым жасалып жүргүзүлдү.


