2026-жылдын 6-февралында Ала-Тоо аянтында борбор калаанын жаш тургундары үчүн муз үстүндөгү майрамдык иш-чаралар улантылды.
Турмуштук оор кырдаалга кабылган Октябрь районунун 100 баласы майрамдык жана достук маанайдагы чөйрөдө пайдалуу жана кызыктуу убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Муз тебүү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан «Северное сияние» командасы менен биргеликте уюштурулду. Мындан тышкары Октябрь райондук администрациясы иш-чаранын катышуучулары үчүн ысык тамак уюштурду.
Майрамдын негизги максаты балдардын ден соолугун чыңдоо, аларда активдүү жана сергек жашоо образына болгон туруктуу кызыгууну калыптандыруу, өспүрүмдөрдү спорттук иш-чараларга тартуу, ошондой эле достук мамилелерди жана биримдикти өнүктүрүү болуп саналат.
Иш-чаранын коопсуздугун камсыз кылуу максатында медицина кызматкерлери, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери жана педагогдор нөөмөттө турушту.



