Свердлов районунда жашаган, турмуштук оор кырдаалга кабылган 100 бала үчүн Ала-Тоо аянтындагы муз тебүүчү аянтчага акысыз баруу уюштурулду.
Балдар муз үстүндө чоң кубаныч менен убакыт өткөрүп, жаркын эмоцияларга бөлөнүп, позитивдүү маанай алышты.
Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан «Северное сияние» командасы менен биргеликте уюштурулду. Ошондой эле, иш-чаранын катышуучулары үчүн муниципалдык администрация тарабынан ысык тамак жана таттуу белектер берилди.
Муз тебүүчү аянтчага баруу балдардын ден соолугун чыңдоо, аларды активдүү жашоо образына жана спорттук оюндарга тартуу, ошондой эле өсүп келе жаткан муундун арасында достук мамилелерди жана ынтымакты өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.





