Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Айзада Жунусова менен биргеликте Зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам берүү борборуна барды. Иш сапар борбор жайгашкан имараттын бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктагандан, бөлмөлөр толук жабдылып, айланасындагы аймак көрктөндүрүлгөндөн кийин уюштурулду.

Бул борбор 11 жылдан ашык убакыттан бери турмуштук оор кырдаалга кабылган өспүрүмдөргө, анын ичинде зомбулуктан жабыркагандарга, ошондой эле майыптыгы бар жана өнүгүү өзгөчөлүктөрү бар балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө акысыз социалдык, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүп келет.

Иш сапардын жүрүшүндө Виктория Мозгачева жана Айзада Жунусова жаңыланган жана толук жабдылган кабинеттер, орнотулган пандус, ыңгайлаштырылган кирүү жолдору, унаа токтотуучу жай, кире бериш аймак, ошондой эле балдар үчүн жаңы эмеректер, жабдуулар, оюн жана консультациялык бөлмөлөр менен таанышышты.

Оңдоо иштери 2025-жылга карата социалдык өнүктүрүү объектилерин капиталдык оңдоо жана куруу планынын алкагында жүргүзүлгөн. Карасаев көчөсү, 73 дарегинде (№14 орто мектебинин чыгыш канаты) жайгашкан борбор эми балдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн жеткиликтүүлүк, коопсуздук жана ыңгайлуулук талаптарына толук жооп берет.

Бул сапар аткарылган иштердин сапатын баалоого жана мекеменин жаңыланган шарттарда толук кандуу иштөөгө даярдыгын текшерүүгө багытталган.