2026-жылдын 5-февралында Свердлов районунун аймагында жайгашкан калкты тейлөө борборлорунун, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо мекемелеринин, ири соода борборлорунун, оюн-зоок жана эс алуу борборлорунун, сулуулук салондорунун, банктардын, базарлардын, кафе-ресторандардын, тез тамактануучу жайлардын, мейманканалардын, спорт комплекстеринин, кинотеатрлардын, типографиялардын жана дүкөндөрдүн жетекчилери жана расмий өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Алмагүл Телекманова, жетектөөчү адиси Айнура Сооронбаева, талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Капарова, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова катышты.

Жыйындын жүрүшүндө калкка кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик тилди кеңири колдонуу, жарнамаларды, көрүнөө маалыматтарды жана тейлөө кызматтарын мамлекеттик тил мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүү жана жарнаманын мамлекеттик тилде даярдалган тексттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашуу зарылдыгы тууралуу маселелер талкууланды.

Катышуучуларга кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу боюнча бир катар практикалык сунуштар берилди.