Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасын  аткаруу максатында, борбор калаада жер амнистиясына туш болгон объекттер боюнча иштер үзгүлтүксүз уланууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте жер мунапысына  туш болгон объекттер боюнча комиссиянын иши уланууда.

Ленин райондук комиссиясы тарабынан 69 арыз жактырылды. Бул багыттагы иштер уланууда.