2026-жылдын 3-февралында Бишкек шаарынын Ленин районунда керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө мамлекеттик тилди кеңири колдонуу жана жарнамаларды мыйзам талаптарына ылайык келтирүү маселеси боюнча ишкерлер менен жолугушуу болуп өттү.

Иш-чара К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин жыйындар залында уюштурулду.

Жолугушуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаарынын мэриясы, Ленин райондук администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен биргеликте өткөрүлдү.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Ленин райондук администрациясынын өкүлдөрү, соода жана калкка кызмат көрсөткөн мекеме-ишканалардын расмий өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө мамлекеттик тилди колдонуу, жарнамаларды мыйзам талаптарына ылайык келтирүү, жарнаманын мамлекеттик тилде даярдалган текстин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

Белгилей кетсек, ишкерлер менен жолугушуулар 2026-жылдын 3–6-февраль күндөрү Бишкек шаарынын башка райондорунда улантылат.