Бүгүн, 2026-жылдын 3-февралында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров Октябрь районунда жүрүп жаткан бир катар социалдык объекттердин курулуш жана реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Иш сапардын алкагында 4-кичи райондо жайгашкан №132 «Баластан» бөбөктөргө арналган бала бакчанын капиталдык оңдоп-түзөө иштери текшерилди. Аталган бала бакча 2 кабаттуу болуп, жалпы аянты 1100 чарчы метрди түзөт, долбоордук сыйымдуулугу 140 орунга эсептелген. Учурда капиталдык оңдоп-түзөө иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле 5-кичи райондо жайгашкан №3 жалпы билим берүүчү мектептин 500 окуучу орунга эсептелген кошумча окуу корпусунун курулушу текшерилди. Үч кабаттуу кошумча имарат подвалдык кабат менен долбоорлонуп, жалпы аянты 4136,67 чарчы метрди түзөт. Курулуштун сметалык баасы 419,9 млн сомду түзөт. Учурда имараттын монолиттик каркасы жана чатыр иштери 100 пайызга аткарылып, фасадды жылуулоо жана ички инженердик иштер жүргүзүлүүдө.
Социалдык объекттердин өз убагында жана талапка ылайык пайдаланууга берилиши муниципалитеттин өзгөчө көзөмөлүндө болот.


















