Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинде административдик-аймактык реформа алкагында Ленин районуна кошулган Орок айылынын тургундары менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жаныбек Абиров, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Тилек Асылбеков, Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев, «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров, ошондой эле Орок айылынын активисттери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундарды тынчсыздандырган бир катар актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Негизги көңүл транспорт жолдорунун абалына, аларды оңдоо зарылдыгына, ошондой эле автобус аялдамаларынын жоктугу жана аларды уюштуруу маселелерине бурулду.
Транспорт департаментинин директору учурда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен жол тармагын оңдоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, автобус аялдамаларын орнотуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү администрациялар менен биргеликте керектүү жайларды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле жолугушуунун алкагында айдоочулардын эмгек тартибин жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында, айтылган сунуштар жана көйгөйлүү маселелер тиешелүү кызматтар тарабынан каралып, аларды этап-этабы менен чечүү боюнча иштер улантылаары белгиленди.


