Ленин районунда оор турмуштук кырдаалда турган балдар үчүн Ала-Тоо аянтындагы муз тебүүчү аянтчада майрамдык иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага 100 бала катышып, аны Бишкек шаарынын мэриясынын өнөктөштөрү — «Түндүк жарыгы» командасы менен биргеликте өткөрдү.
Балдар муз аянтчасында көңүлдүү эс алып, жагымдуу эмоцияларга бөлөнүп, жакшы маанайга ээ болушту. Иш-чаранын алкагында балдарга сый тамак катары компот жана пицца таратылды.
Иш-чаранын негизги максаты — балдардын ден соолугун чыңдоо, аларды активдүү жашоо образына жана спорттук оюндарга тартуу, ошондой эле өсүп келе жаткан муундун арасында достукту жана ынтымакты бекемдөө болуп саналат.
Катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн медицина кызматкерлери, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери жана педагогдор тартылды. Мындан тышкары, балдарды патрулдук кызматтын коштоосунда автобустар менен ташуу уюштурулду.
Белгилей кетсек, майрамдык иш-чара улантылат жана шаардын башка райондорунан келген балдар да муз тебүүчү аянтчада эс алышат.







