2026-жылдын 26–31-январь күндөрү Бишкек шаарында тогуз коргоол боюнча Мектеп лигасынын шаардык этабы өткөрүлдү.
Шаардык этапка райондук мелдештердин жыйынтыгы боюнча 1–4-орундарды ээлеген жалпы 16 окуучу катышты.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Мектеп лигасы спорттун 13 түрү боюнча өткөрүлөт. Алар бадминтон, баскетбол, волейбол, гандбол, дартс, балдар жеңил атлетикасы, жеңил атлетика, кичи-футбол, стол тенниси, пионербол, тогуз коргоол, ордо жана шахмат кирет.
Тогуз коргоол боюнча шаардык этаптын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери:
Балдар арасында:
•I орун – №51 мектеп, Свердлов району;
•II орун – «Сейтек» мектеби, Биринчи Май району;
•III орун – №1 мектеп-интернат, Биринчи Май району;
•IV орун – №69 мектеп, Биринчи Май району.
Кыздар арасында:
•I орун – №112 мектеп, Октябрь району;
•II орун – №96 мектеп, Ленин району;
•III орун – №51 мектеп, Свердлов району;
•IV орун – №66 мектеп, Свердлов району.
Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышып, ошондой эле Ысык-Көлгө жайкы ден соолукту чыңдоочу эс алууга жолдомо алышты.
Мелдештин уюштуруучусу Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.




