2026-жылдын 29-январынан 2-февралына чейин Азербайжан Республикасынын Баку шаарында жеңил атлетика боюнча эл аралык «Азербайжандын эмгек сиңирген машыктыруучусу В. М. Антиповдун элесине арналган мемориал» аттуу мелдеш өткөрүлдү.
Турнирдин программасына төмөнкү спорттук дисциплиналар кирди: 60 метрге чуркоо, узундукка секирүү жана үч кадамдык секирүү.
Мелдешке ар кайсы мамлекеттерден 100дөн ашуун спортчу катышты. Эл аралык турнирде Кыргыз Республикасын С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн жеңил атлетика бөлүмүнүн атынан үч тарбиялануучусу чыкты.
Бул мелдештин негизги максаттары Азербайжандын эмгек сиңирген машыктыруучусу В. М. Антиповдун жаркын элесин түбөлүккө калтыруу, жеңил атлетиканы эл аралык деңгээлде өнүктүрүү жана жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, эл аралык спорттук байланыштарды чыңдоо, ошондой эле мыкты спортчуларды аныктоо жана квалификациялык нормативдерди аткарууга шарт түзүү болуп саналат.
Мелдештин уюштуруучусу Азербайжандын жеңил атлетика федерациясы.
ОРБАӨМдүн спортчуларынын көрсөткөн жыйынтыктары:
60 метрге чуркоо боюнча:
•Павленко Екатерина - III орун (аялдар);
•Замирова Бермет - II орун (кыздар).
Узундукка секирүү боюнча:
•Исаков Тимур - I орун (эркектер).


