Бишкек шаарында мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын катышуусунда борбор калаадагы билим берүү уюмдарында пландан тышкаркы көчмө текшерүүлөр улантылууда. Бүгүн, 2026-жылдын 3-февралында, №66 жалпы билим берүү мектебинде текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Атап айтканда, «Kampa kg» коммерциялык объектисине тиешелүү товарларды түшүрүү максатында ири көлөмдөгү жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын мектеп аймагына киргендиги катталды. Мындан тышкары, билим берүү процессин уюштурууга жана мекеменин аймагында тийиштүү тартипти камсыз кылууга байланыштуу эскертүүлөр берилип, тиешелүү тапшырмалар жүктөлдү.
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы тарабынан «Kampa kg» дүкөнүнө карата административдик чаралар көрүлдү. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан мектеп аймагына мыйзамсыз кирген автотранспорт каражаттарынын айдоочуларына административдик протоколдор түзүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясы билим берүү уюмдарында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл буруп, билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүнүн абалын жана шарттарын текшерүү иштерин мындан ары да улантат.


