Бишкек шаарында Тыныстанов көчөсү, 30/1 дареги боюнча суу түтүктөрүндө болгон аварияга байланыштуу ичүүчү суунун берилиши убактылуу токтотулду.

Суу өчүрүлгөн аймак:

Медеров көчөсү Панфилов көчөсүнөн Советский көчөсүнө чейин, ошондой эле Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки аймак.

Учурда «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын авариялык бригадасы калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, оңдоо иштери толугу менен аяктагандан кийин суу берүү кайрадан калыбына келтирилет.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз.