2026-жылдын 30-январында Бишкек шаарынын №2, №31 жана №69 жалпы билим берүүчү мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө — Кыргыз Республикасынын жаштары үчүн жасалма интеллект боюнча биринчи билим берүү курсуна катышкан окуучуларга эл аралык сертификаттарды тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Окутуу LUPIC билим берүү долбоорунун («Эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө алдыңкы университеттерди өнүктүрүүнү колдоо долбоору») алкагында, Кемён университетинин (Корея Республикасы) колдоосу жана кореялык тараптын каржылоосу менен ишке ашырылды. Долбоор 7 жылга эсептелип, мектеп окуучуларынын жана жаштардын IT-компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган.
Биринчи агымдын алкагында 36 катышуучу окууну ийгиликтүү аяктады. Алар маалыматтык технологияларды нөлдүк деңгээлден баштап өздөштүрө башташкан. Курстун жүрүшүндө угуучулар негизги санариптик көндүмдөргө жана маалыматтык технологиялар жаатындагы практикалык билимдерге ээ болушуп, бул алардын билим алуу жана кесиптик калыптануусунда маанилүү этап болду.
Салтанаттуу иш-чарага онлайн форматта Кемён университетинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова, Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Мирбек Асанов, ошондой эле Т. Сатылганов атындагы №69 мектептин директору Сайрагүл Атаева катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар LUPIC долбоорунун жогорку маанисин, адамдык капиталды өнүктүрүүдөгү салымын жана эл аралык билим берүү кызматташтыгын чыңдоодогу ролун белгилешти. Ошондой эле долбоор билим берүү жана санариптик технологиялар тармагындагы туруктуу, узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн ийгиликтүү үлгүсү экени баса белгиленди.
Мындан тышкары, биринчи агымдын жыйынтыгы менен катар эле LUPIC долбоорунун экинчи агымына старт берилгени, анда санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана маалыматтык технологияларды үйрөнүүгө кызыккан жаңы мектеп окуучулары окууну баштаганы айтылды.
Алынган эл аралык сертификаттар катышуучулар үчүн мындан аркы билим алууга, кесиптик өсүүгө жана келечектеги кесипти аң-сезимдүү тандап алууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.



