2026-жылдын январь айында Свердлов районунун Социалдык өнүгүү башкармалыгы, райондук Ички иштер башкармалыгы жана Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Рейддер 16, 20, 27-январь күндөрү райондун борбордун көчөлөрү, ошондой эле компьютердик клубдар текшерилди.. Иш-чаралардын негизги максаты - саат 22:00дөн кийин мыйзамдуу чондордун коштоосу жок коомдук жайларда жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.

Рейддердин жүрүшүндө жалпы 60 өспүрүм аныкталды. Алардын ичинен 52 өспүрүм чондордун коштоосу жок коомдук жайларда жүргөн, ал эми 8 өспүрүм компьютердик клубдарда табылган.

Иш-чаралардын жыйынтыгында 38 өспүрүм ата-энелерине милдеттенме алуу менен өткөрүлүп берилди, 11 өспүрүм Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилди, 1 өспүрүм балдар үчүн борборго жеткирилди.

Ата-энелерге карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында мындай иш-чаралар мындан ары да улантылат.