Бишкек шаарынын мэриясында шаар ичиндеги жүргүнчү ташууларды уюштуруунун жаңы ыкмалары, анын ичинде темир жол транспортун колдонуу маселеси каралууда. Бул маселе борбор калаанын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинде өткөн жумушчу кеңешменин негизги темасы болду.
Кеңешме Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында өтүп, жыйынга Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин, «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын Мамлекеттик ишканасынын жүргүнчү ташуу башкармалыгынын, ошондой эле «Тулпар» ишканасынын өкүлдөрү катышты.
Негизги көңүл, шаар тургундары үчүн альтернатива жана жеткиликтүү жүрүү каражаты катары темир жол инфраструктурасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө бурулду.
Кеңешменин жүрүшүндө автобекеттерден жана темир жол станцияларынан шаардын ар кайсы бөлүктөрүнө ыңгайлуу каттамдарды камсыз кылуучу жаңы автобус маршруттарын ишке киргизүү боюнча сунуштар айтылды. Мындай ыкма темир жолду учурдагы коомдук транспорт системасы менен комплекстүү интеграциялоону көздөйт.
Мындан тышкары, каттамдарды санариптештирүү маселелери, анын ичинде поезддердин кыймылын GPS-мониторинг аркылуу көзөмөлдөө жана темир жол менен коомдук транспорттун жүрүү графиктерин «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде реалдуу убакыт режиминде көрсөтүү маселелери талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү түзүмдөргө конкреттүү тапшырмалар берилип, борбор калаада жүргүнчү ташуунун альтернативдүү жана туруктуу түрлөрүн өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар белгиленди.


