Бишкек шаарынын Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) штаттык режимде ишин улантып, борбор калаанын керектөөчүлөрүн электр жана жылуулук энергиясы менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылууда.
2026-жылдын 2-февралына карата ЖЭБдин орточо электр кубаттуулугу 455 МВтты түзөт. Бир суткада берилген жылуулук энергиясынын көлөмү 9,285 миң Гкалга, ал эми электр энергиясын өндүрүү 10,925 миң кВт/саатка жетүүдө. Суткалык отун чыгымы 7,831 миң тонна көмүрдү жана 368 миң нм³ газды түзөт.
ЖЭБде жалпы 15 казан агрегаты, кайчылаш байланыштары бар 7 турбоагрегат, ошондой эле №3 жана №4 эки энергоблок орнотулган. Учурда 9 казан агрегаты, 4 турбоагрегат жана эки энергоблок иштеп жатат.
2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында электр жана жылуулук энергиясын ишенимдүү камсыз кылуу үчүн ЖЭБге 1,4 млн тонна көмүр жеткирүү пландалган. Отун жеткирүү графиги жылытуу сезону толук аяктаганга чейин эсептелип түзүлгөн.
2026-жылдын 2-февралына карата ЖЭБдин көмүр кампасындагы калган отун көлөмү 204,537 миң тоннаны түзөт. Бул көрсөткүч станциянын учурдагы жылытуу мезгилинде туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга жетиштүү.
Бишкек шаарынын ЖЭБи калкты жана шаардагы ишканаларды ишенимдүү энергия менен камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүү менен туруктуу режимде иштеп жатат.