Бүгүн, 2026-жылдын 31-январында, Чоң-Таш тоосунда балдар үчүн кышкы эс алууну активдүү жана пайдалуу өткөрүүгө багытталган «Кышкы майрам – 2026» аттуу спорттук-массалык иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев катышып, катышуучуларды кышкы майрам менен куттуктап, аларга чың ден соолук, жакшы маанай жана сергек жашоо образын каалашты.

Спорттук майрамга Бишкек шаарынын төрт районунан 13 жаштан 15 жашка чейинки 400дөн ашуун бала катышты. Алардын арасында реабилитациялык борборлордун жана мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар болду.

Иш-чаранын алкагында дене тарбияны жайылтууга, саламаттыкты чыңдоого жана балдардын социалдашуусуна багытталган кыймылдуу спорттук оюндар жана эстафеталар уюштурулду.

Мындан тышкары, катышуучулар үчүн чыгармачыл жамааттардын концерттик номерлери, иллюзионисттердин көрсөтмө өнөрлөрү жана ар түрдүү интерактивдүү оюндар камтылган кызыктуу маданий-көңүл ачуу программасы тартууланды.

Майрамдын соңунда бардык балдарга эстелик белектер тапшырылып, жалпы сүрөткө түшүү уюштурулду.

Иш-чаранын уюштуруучусу катары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти чыкты.

Белгилей кетсек, балдар үчүн кышкы спорттук майрам борбор калаада 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет жана  өсүп келе жаткан муундун ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган жакшы салтка айланып калды.