Бишкек шаарындагы №13 жалпы билим берүүчү орто мектебинин базасында шаардагы жалпы билим берүүчү уюмдардын тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары жана мектеп парламенттеринин президенттери үчүн «Мектептеги балдар кыймылын өнүктүрүү» темасында семинар-тренинг өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча «Манас» балдар-өспүрүмдөр уюмунун координатору Торопкина Е.Инин жетекчилиги алдында «Манас» БӨУнун Лидерлер штабынын катышуусунда практикалык тренинг уюштурулду.

Семинар-тренингдин негизги максаттары  Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү уюмдарда балдар кыймылынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, балдар жана жаштар арасында жарандык жоопкерчиликти жана маданиятты калыптандыруу, ошондой эле окуучуларды социалдык маанилүү акцияларга жана иш-чараларга тартуу аркылуу активдүү жашоо позициясын өнүктүрүү болуп саналат. Ошондой эле ден соолукту чыңдоочу жашоо образын жана инсанды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган жагымдуу чөйрөнү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Семинарга 67 педагог-уюштуруучу жана 153 мектеп парламенттеринин лидери катышты.

Мындай иш-чараларды өткөрүү окуучулардын өз алдынча башкаруусун өнүктүрүүгө, мектеп окуучуларында лидерлик сапаттарды бекемдөөгө жана өсүп келе жаткан муун арасында активдүү жарандык коомду калыптандырууга өбөлгө түзөт.