Ак-Тилек конушунун Ак-Шоокум көчөсүндө 80 орунга ылайыкталган жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу улантылууда.
Тапшырма берүүчү тарап Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы. Курулуш иштерин аткаруучу подряддык уюм «ПСО Адис Строй» ЖЧКсы.
Жер тилкесинин аянты 0,2179 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 1042,05 чарчы метрди түзөт. Объект борбор калаанын Свердлов районунда жайгашкан.
Белгилей кетсек бүгүнкү күнгө карата курулуш-монтаждоо иштери 28 пайызга аткарылды. Имараттын биринчи кабатынын колонналарын орнотуу иштери толук аяктап, имараттын түштүк тарабында таяныч дубал курулду. Учурда биринчи кабаттын жабуусун орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
