2026-жылдын 30-январында №3 мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында шаардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кыргыз тили мугалимдери үчүн семинар өткөрүлдү.
Семинардын темасы: «Кыргыз эл жомокторуна саякат». Иш-чаранын алкагында №3 МЧББУнун тарбиячысы Гүлнур Конокбаева тарабынан сабактын фрагменти көрсөтүлүп, анда кыргыз эл жомокторун мектепке чейинки курактагы балдарды окутуу-тарбиялоо процессинде пайдалануунун практикалык ыкмалары сунушталды.
Ошондой эле семинардын жүрүшүндө иш-чаранын темасын толук ачып берген жана катышуучулардын ортосунда педагогикалык тажрыйба алмашууга өбөлгө түзгөн эки методикалык иштеп чыгуу сунушталды.
Бул семинардын өткөрүлүшү педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилин окутуунун методикасын өркүндөтүүгө, ошондой эле балдардын улуттук маданиятка жана оозеки эл чыгармачылыгына болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.





