Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүү департаменти «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы жана «Тулпар» ишканасы менен биргеликте коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн төлөм жүргүзүүсүн текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар улантылууда.

Иш-чаранын алкагында жол акысын төлөбөй жүргон жүргүнчүлөргө 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынып,протоколдор түзүлүп келет. Текшерүү иш-чаралары 2025-жылдан тартып текшерүү рейддик иш-чаралары уюштурулуп, күн сайын эртең мененки 9:00дон тартып кечки 18:00го чейин улантылып келет.

Эскерте кетсек, аталган иш -  чараны уюштурууга, жана текшерүү иштерин баштоого 2024-жылы тапшырмалар берилип, жылдын биринчи кварталында окутуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ал эми 2025-жылы төлөм жүргүзбөй жүгөн 369 жаран аныкталып, аларга 1000 сом өлчөмүндө Транспорт Департаменти тарабынан айып пул салынып, протоколдор түзүлгөн. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 369 000 миң сомду түзгөн.

Урматтуу жүргүнчүлөр, коомдук транспортто жүрүү эрежесин сактап, төлөмдөрдү жүргүзүп турууңуздарды сурайбыз.