Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Бишкек шаарындагы «Тунгуч» театрында шаар аймагында иш алып барган курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү.
Иш-чара «суроо–жооп» форматында өткөрүлүп, ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев төрагалык кылышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө курулуш тармагындагы актуалдуу маселелер, анын ичинде учурдагы карама-каршылыктарды жоюу жана курулуш тармагын жөнгө салган ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Мындай форматтагы жолугушууларды мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүп туруу пландалууда.










