Бишкек шаардык мэриясында мэр Айбек Джунушалиев Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарында ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде жылуулук менен камсыздоо жана суу менен камсыздоо тармактарын, ошондой эле борбор калаанын «Жашыл шаарлар» программасына катышуусун талкуулашты.
Шаар башчысы банктын өкүлдөрүнө Бишкекте ишке ашырылып жаткан негизги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Алардын катарында эко-технологиялык заводду куруу жана эксплуатациялоо, ошондой эле жашылдандыруу жана атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар боюнча. Тактап айтканда, 2025-жылы шаарда 19 миң жашыл көчөт отургузулуп, 2026-жылы болжол менен 50 миң көчөт отургузуу пландалууда.
Өз кезегинде Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Генералдык планына ылайык каралган долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
«Көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздер долбоорлорду даярдоодон тартып ишке ашырууга чейинки бардык этаптарда коштоп келесиздер. Биз кызматташууга ар дайым ачыкпыз жана мындан ары да ушул багытта биргелешип иштейбиз деп ишенебиз», — деп белгиледи мэр Айбек Джунушалиев.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мындан ары да кызматташууну улантууга даяр экендиктерин ырасташты.





