Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев орун басарлары менен биргеликте борбор калаадагы бир катар суу менен камсыздоо объекттерин жана билим берүү мекемелерин кыдырды.
Алгачкы объект катары «Орто-Алыш» суу алуучу жайы каралды. Бул жерде кошумча суу көлмөлөрүн тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 11 кошумча көлмөнүн 4өө тазаланып, жумуштарга 8 экскаватор жана 5 самосвал тартылган. Аталган суу алуучу жай суткасына 8 600 кубометр суу берип, шаардын калкынын болжол менен 40 пайызын суу менен камсыз кылат.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр жайкы мезгилде шаардыктарды үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу максатында белгиленген мөөнөттөн эртерээк оңдоо иштерин баштоо үчүн «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы менен аракеттерди координациялоону тапшырды.
Мындан тышкары, «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы айыл чарба объекттерине тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүү зарылдыгын тапшырып, милдеттендирилди.
Берилген тапшырмалар аткарылбаган учурда тиешелүү чараларды көрүлөөрүн эскертти.
Андан соң, делегация 4-Балдар көркөм өнөр мектебине барып, кошумча кабат куруу же болбосо учурдагы имараттын жанына жаңы имарат салуу маселесин карады. Айбек Джунушалиев имараттын туруктуулугун аныктоо үчүн Сейсмология институтуна кайрылууну, ошондой эле реконструкциялоо учурунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Белгиленгендей, 2026-жылы мектеп өзүнүн 60 жылдык мааракесин белгилейт жана бардык иштер бул убакытка чейин бүткөрүлүшү зарыл.
Ошондой эле, мэр №37 орто мектепке барып, кошуна жайгашкан имаратта капиталдык оңдоо иштерин тез арада баштоону жана мектеп аймагындагы эки корпусту бириктирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Бул окуу жайдын сыйымдуулугун жогорулатууга шарт түзөт.
Мындан сырткары, мектепке жакын жайгашкан гараждарды демонтаждоо жана көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай куруу маселесин кароо тапшырмасы берилди.
Андан кийин «ХБО» суу алуучу жайы каралды. Реконструкциядан кийин бул жерде 5 скважина иштеп жатат. Буга чейин иштеп келген 3 скважина оңдолуп, кубаттуулугу саатына 160 кубометрден болгон 2 жаңы скважина бургуланды.
Экинчи көтөрүлүштөгү 4 насос агрегаты орнотулган. Суу алуучу жай Көк-Жар конушунун жана Анкара – Достоевский – Л. Толстой – 7-Апрель көчөлөрү менен чектелген кварталдардын тургундарын ичүүчү суу менен камсыздайт. Объектти 2026-жылдын февраль айында бүткөрүү пландалган, бирок иштер мөөнөтүнөн мурда — 2025-жылдын декабрь айында аяктаган.
Кыдыруунун акыркы пункту №56 орто мектеп болду. Мэр Айбек Джунушалиевдин бир нече жолу баруусунан, сын-пикирлеринен жана кабыл алынган башкаруучулук чечимдерден, анын ичинде Октябрь районунун акиминин орун басарын кызматтан бошотуудан кийин объекттеги иштер жанданды.
Натыйжада спорт залынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери эки айдын ичинде толук аяктаган.
Жыйынтыгында мэр мектеп аймагын жашылдандыруу иштерин күчөтүүнү жана аймакты көрктөндүрүү боюнча долбоор даярдоону тапшырды. Окуу жайдын директорунун айтымында, оңдоо иштери бүткөндөн кийин окуучулардын саны көбөйгөн.































