2026-жылдын 29-январында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев менен биргеликте көчмө иш-чаранын алкагында 7-Апрель көчөсү, 159 дарегинде (мурунку «Дубровский» имаратында) жайгашкан Бишкек шаарынын мэриясына караштуу оркестрлердин репетициялык залына барды.

Иш сапардын жүрүшүндө залда Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестринин репетициясы өтүп жатты. Музыканттар алдыдагы концерттик программаларга даярданып, жогорку кесипкөйлүгүн жана борбор шаарда академиялык искусствону өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүштү.

Бүгүнкү күндө репетициялык зал Бишкек шаарынын мэриясына караштуу бир нече чыгармачыл жамааттар үчүн толук кандуу чыгармачыл аянтчага айланды. Бул жерде туруктуу негизде чоң симфониялык оркестр, духовой оркестр жана эл аспаптар оркестри машыгышат.

Репетициялар бекитилген график боюнча өткөрүлүп, бул жамааттарга өз чеберчилигин системалуу түрдө өркүндөтүүгө жана жаңы концерттик программаларды даярдоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Мурда оркестрлер репетиция өткөрүү үчүн жайларды ижарага алып келишсе, азыр алар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, шаардын маданий потенциалын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө шарт түзүлдү.

Маданий инфраструктураны колдоо жана жаңылоо Бишкек шаарынын мэриясынын ишиндеги негизги артыкчылыктардын бири болуп саналат. Бул багыт искусствону сактоого жана өнүктүрүүгө, ошондой эле борбор калаадагы чыгармачыл жамааттардын ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.