2026-жылдын 29-январында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти №13 жалпы билим берүү мектебинин базасында райондук билим борборлорунун тарбиялык иштер боюнча адистери, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарлары, мектептердин социалдык педагогдору, ошондой эле мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыйын өткөрдү.

Иш-чаранын максаты 2025-2026 окуу жылдын экинчи жарым жылдыгына карата мекемелер аралык биргелешкен ишти пландаштыруу, балдардын коопсуздугун, жашоосун жана саламаттыгын камсыз кылуу, ошондой эле кемсинтүүлөрдүн жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча кызматташтыкты күчөтүү.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти менен Бишкек шаарынын  Патрулдук милиция башкармалыгынын ортосундагы биргелешкен буйрук жана планды ишке ашыруунун алкагында, мектептерде балдардын жол-транспорттук жаракаттан алдын алуу боюнча биргелешкен профилактикалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери талкууланды. Бул 2025–2026 окуу жылына тиешелүү.                                                                                                                                                                                                                          

Анын ичинде кемсинтүүлөр жана кылмыштардын алдын алуу, мектептерде мушташтардын жана антисоциалдык көрүнүштөрдүн алдын алуу, 5–11-класстардын окуучуларына укуктук темалар боюнча лекциялар, түшүндүрмө сабактар өткөрүү, конфликттердин кесепети жана кылмыштар менен административдик жоопкерчилик тууралуу маалымат берүү маселелерине өзгөчө көңүл бөлүндү.

Ошондой эле ата-энелер менен түшүндүрүү ишин жүргүзүү, окуучулардын ата-энесиз же мыйзамдуу өкүлсүз коомдук жерлерде 22:00дөн кийин жүрүүсүнө жол бербөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ата-энелик милдеттерди аткарбоонун жоопкерчилиги боюнча маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо системасынын өкүлдөрү катышкан биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пландалууда, бул балдардын ден соолукту сактоо укуктарын камсыз кылууга багытталган.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча 2026-жылдын февраль айынан баштап, жогорку класстардын окуучулары жана ата-эне коомчулугу менен укук бузуулардын алдын алуу боюнча жолугушуулардын графиги бекитилери белгиленди.

Иш-чаранын алкагында катышуучуларга баңги заттардын алдын алуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча видеоматериалдар көрсөтүлдү.