Бүгүн, 2026-жылдын 29-январында, мурда ата-энелерден келип түшкөн кайрылуулардын негизинде Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева тарабынан №4 мектепке чейинки билим берүү уюмуна көчмө текшерүү жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө тарбиялануучулардын тамак-ашын уюштурууда айрым мыйзам бузуулар аныкталды. Атап айтканда, берилген тамак-аштын бекитилген менюга ылайык келбеши, суткалык үлгүлөрдүн жана контролдук тамактын жоктугу белгиленди.
Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө окуу-тарбия процессин уюштурууда кемчиликтер бар экендиги, анын ичинде педагогикалык кызматкерлердин методикалык даярдыгынын деңгээли жетишсиз экени аныкталды.
Көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчилигине аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттөрдө жоюу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Билим берүү уюмдарында көчмө текшерүү иш-чаралары мындан ары да улантылат. Алардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык тиешелүү чечимдер кабыл алынат.



