2026-жылдын 29-январында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан №115 мектептин базасында билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн жыйын өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана методикалык коштоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча аналитикалык маалыматты окуп берди. Анда окуу-тарбия процессинин аткарылышын көзөмөлдөө жана текшерүү маселелери, ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарына методикалык жардам көрсөтүү боюнча суроолор камтылды.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун (МСЭКБ) өкүлдөрү мектеп чөйрөсүндө кургак учук, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана грипптин алдын алуунун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрмө беришти.
Ошондой эле КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт көзөмөл кызматынын өкүлдөрү мектептерде коопсуздукту камсыз кылууга жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган алдын алуу иш-чаралары жөнүндө кеңири маалымат беришти.
Мындан тышкары, кеңешменин алкагында коопсуз жана сапаттуу билим берүү процессин уюштурууга байланыштуу башка актуалдуу маселелер да каралды.
Белгилей кетсек, кеңешменин ишине жалпысынан 128 адам катышты.



