Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында, шаар тургундарынын кайрылуусунун негизинде Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачеванын катышуусунда «Креатив Таалим» жеке мектебине жумушчу топ тарабынан жеринде текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө билим берүү мекемесинин аймагында коопсуздуктун милдеттүү талаптары олуттуу түрдө бузулгандыгы аныкталды. Тактап айтканда, жогорку кооптуулуктагы объект болуп саналган жылуулук берүүчү жай эркин кирүү мүмкүнчүлүгү бар экени, ошондой эле ачык чункур бар экени катталды. Мектепке чектеш аймакта антисанитардык абал аныкталып, тосмолор жана башка чектөөчү чаралар жок болуп, бул балдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаратат.

Мындан тышкары, билим берүү уюму от жагуу учурунда бөлүнүп чыккан газдарды тазалоочу курулмалары жок жабдууларды колдонуп жатканы белгилүү болду, бул айлана-чөйрөгө зыян келтирет. Уюмдун жетекчилигине газдарды тазалоо үчүн заманбап жабдууларды орнотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле үчүнчү кабаттагы окуу сабактары өтүп жаткан бөлмөлөр өрт коопсуздугуна жана санитардык талаптарга жооп бербейт деп табылды. Мектеп жетекчилиги буга чейин берилген көрсөтмөнү сунуштаган эмес, буга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдарга, ошондой эле аталган мектептин лицензияланышы боюнча Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине кайрылуулар жөнөтүлөт.

Текшерүүнүн жыйынтыгында «Креатив Таалим» жеке мектебинин жетекчилигине аймакты жана имараттарды кыска мөөнөттө талапка ылайык абалга келтирүү боюнча милдеттер коюлду. Жакынкы күндөрү балдардын толук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, анын ичинде өзгөчө кооптуу зоналарды тосмолоп коюу боюнча иш-чаралар уюштурулушу керек. Талаптар аткарылбаган учурда мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.