Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэри Айбек Джунушалиев менен Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча айлана-чөйрө маселелери боюнча практика менеджери Гаяне Минасян ортосунда жолугушуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Бишкек мэриясы ишке ашырып жаткан учурдагы демилгелерди талкуулашты. Атап айтканда, «Жашыл алкак» концепциясын иштеп чыгуу, турак жай секторунда жылуулук насосторун пилоттук негизде киргизүү, ошондой эле башка экологиялык иш-чаралар жөнүндө сөз болду.

Шаар башчысы борбор калаада ишке ашырылып жаткан негизги долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берди. Алардын катарына эко-технологиялык заводду куруу жана иштетүү, «Бишкек жылуулук электр борбору», «Бишкекжылуулук тармагы» жана «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканаларынын ишин модернизациялоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу, Аламүдүн жана Ала-Арча сууларынын нугун тазалоо, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы тарабынан көрүлүп жаткан чаралар кирет.

Ошондой эле, мэр бүгүнкү күндө шаарды көрктөндүрүү үчүн 50 миң көчөт материалы келип түшкөнүн белгиледи.

«Биздин кызматташтыгыбыз абанын сапатын практикалык жактан жакшыртууга гана эмес, Бишкекти жашыл жана экологиялык жактан туруктуу шаар катары таанытууга да оң таасирин тийгизет деп ишенем», — деп баса белгиледи Айбек Джунушалиев.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууну улантууга үмүт артышты.