Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев жана Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жумушчу сапар менен «Баластан» №69
бөбөктөр тобу тарбияланган  бала бакчага барышты.

Иш сапардын максаты — жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышуу, балдар үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыгуу, тарбиялык - билим берүү процесстеринин уюштурулушун баалоо, ошондой эле материалдык-техникалык базасын текшерүү болду.

«Баластан» №69 бөбөктөр - бакчасы «Арча-Бешик» турак жай массивинде, Ак-Марал жана Ак-Таң көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Мекеменин долбоордук кубаттуулугу 100 орунду түзөт, бирок уктоочу бөлмөлөрдү натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануунун эсебинен орундардын саны 235ке чейин көбөйтүлгөн.
Учурда бул бала бакчага 199 бала тарбияланууда.

Иш сапардын жыйынтыгында бөбөктөр - бакчасынын заманбап талаптарга жооп берери белгиленип, ошондой эле борбор шаардын туруктуу өнүгүүсү үчүн мындай социалдык объектилердин курулушунун маанилүүлүгү баса белгиленди.