Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2026-жылдын 19-январында «Административдик-аймактык реформа алкагында Бишкек шаарына кошулган аймактарды өнүктүрүү боюнча 2026–2030-жылдарга карата Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтомдун долбоору жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын «Айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө» 2024-жылдын 18-июлундагы №128 Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын административдик карамагына 24 калктуу конушту камтыган 8 айыл аймагы өткөрүлүп берилди. Натыйжада шаардын аянты 12,9 миң гектардан 41 миң гектарга чейин кеңейди.

Бишкек шаарына 15 588,96 гектар айыл чарба багытындагы жерлер жана социалдык инфраструктуранын 87 объекти өткөрүлүп берилди. Ошол эле учурда кошулган аймактарда социалдык объектилердин жетишсиздиги, мекемелердин эскиргендиги, жолдордун, инженердик тармактардын, суу, электр жана канализация системаларынын начар өнүккөндүгү байкалууда.

Бул маселелерди этап-этабы менен чечүү максатында шаардың төрт району боюнча 2026–2030-жылдарга карата Иш-чаралар планы иштелип чыкты. План социалдык, жол жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүүнү карап, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, муниципалдык ишканалардын каражаттарынын жана бюджеттен тышкаркы булактардын эсебинен ишке ашырылат.

Планды ишке ашыруу шаардык чөйрөнүн тең салмактуу өнүгүшүн камсыз кылууга, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана кошулган аймактарды Бишкек шаарынын бирдиктүү социалдык-экономикалык мейкиндигине интеграциялоого мүмкүнчүлүк берет.

Токтомдун долбоору боюнча сунуштарды 2026-жылдын 3-февралына чейин төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүгө болот: bishkek.atr@gmail.com.

Документ төмөнкү шилтеме боюнча жайгаштырылган:
https://bishkek.gov.kg/ru/forum/post/32