2026-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев көчмө жыйындын алкагында муниципалдык «Аялзат» кризистик борборуна барып, анда жашоочулардын жашоо шарттары жана көрсөтүлүп жаткан кызматтар менен таанышты.

Көчмө жыйынга Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Айзада Джунусова да катышты.

2026-жылдын 27-январына карата борбордо 40 адам жашап жатат, алардын ичинен 15и аялдар, 25и балдар. Борбордун жалпы сыйымдуулугу 50 орунду түзөт.

2024–2025-жылдары муниципалдык «Аялзат» кризистик борбору үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан жабыркаган аялдарга жана балдарга социалдык-психологиялык жардам көрсөтүп келген. Көрсөтүлгөн мезгил аралыгында жалпы 281 адамга жардам берилген, анын ичинде 96 аял жана 185 бала бар.

Жабыркаган аялдарга убактылуу баш калкалоо жайы, психологиялык колдоо, социалдык коштоо, юридикалык консультациялар жана тиешелүү кызматтарга багыт берүү кызматтары сунушталат. Борбордун ишмердүүлүгү аялдар менен балдардын коопсуздугун камсыздоого жана алардын укуктарын коргоого багытталган.

Муниципалдык «Аялзат» кризистик борбору зомбулуктун алдын алуу жана жабыр тарткан аялдарга ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташууну улантууда.